09:57, 25 июля 2018, 24.kg

Ысык-Көлдөгү пансионаттардын 80нинде гана кесипкөй куткаруучулар бар

Ысык-Көл облусу боюнча 300 пансионаттын 80нинде гана окутуудан өткөн жана тиешелүү сертификат алган куткаруучу бар. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен болгон кеңешмеде билдирди.

Кеңешмеде курорттук мезгилдин башталышы менен суудагы кырсыктардын саны өсүп жаткандыгы айтылып, эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгы айтылды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов маалымдагандай, учурда министрлик тарабынан сууга түшүүгө уруксат берилген жайлардын аймактарында эс алуучулардын коопсуздугу үчүн жооптуу адистерди окутуу жүргүзүлүүдө.

«Жалпысынан Ысык-Көл облусу боюнча 300 пансионат жана эс алуучу үйлөр бар. Бирок алардын 80нинде гана окутуудан өткөн жана тиешелүү сертификат алган куткаруучу бар. Учурда алгачкы жардам көргөзүү жөндөмдүүлүктөрүнө ээ 174 адис даярдалды», — деди Нурболот Мирзахметов.

Эскерте кетсек, 22-июль күнү журналист Улан Эгизбаев көлдө эс алып жүргөн кезде сууга чөгүп каза болду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18