09:47, 25 июля 2018, 24.kg

Жалал-Абад шаары муниципалдык менчиктен 7,5 миллион сом пайда тапты

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгы тарабынан шаардык казынага 2018-жылдын 6 ай ичинде 7 миллион 455 миң сом түштү. Бул тууралуу каала мэриясы билдирет.

Алардын маалыматында, түшкөн киреше мерчемден 2,6 пайызга ашты.

Жер участокторун ижарага берүүдөн 3 миллион 950,2 миң сом, автотоктотуучу жайлардан 1 миллион 488 миң сом, жарнак жана кооздоп жасалгалоо бөлүмү тарабынан шаар аймагында уруксат берүүчү документтерди бергендик үчүн акы төлөө кызматынан 948,4 миң сом, имараттардын жана курулуштардын ижарасынан 1 миллион 68,4 миң сом чогултулду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18