14:35, 24 июля 2018, 24.kg

Парламенттин мурдакы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун камактагы мөөнөтү узарды

Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу Алматыда 15-августка чейин камакта болот. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары Алматы шаардык сотуна шилтеме кылып жазышты.

Быйыл 15-16-февраль күндөрү Алматы, Түштүк Казакстан жана Жамбыл облустарында, ошондой эле Алматы шаарында өткөрүлгөн атайын операциялардын жыйынтыгында 35 шектүү кармалган. Алардын арасында үч кыргыз жараны, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу дагы болгон.

Алар «аймактар аралык уюшкан кылмыштуу топтун» катышуусундагы ыктымал аткезчилик тууралуу ишти тергөөнүн алкагында кармалышкан.

16-апрелде Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Асылбек уулунун казак жарандыгы бар экендиги тууралуу маалыматтардан улам аны депутаттык мандаттан ажыраткан.

Буга чейин Казакстан ТИМи Асылбек уулунун казак паспорту бар экенин билдирген. Бирок анын туугандары бул маалыматты четке кагышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18