09:26, 24 июля 2018, 24.kg

Ноокатта базар, кафеде иштеген өспүрүмдөр кармалды

Ноокат шаарындагы рейд учурунда жашы жетелек 20га жакын өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ноокат шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, рейд өспүрүмдөр арасында укук бузууларды, кылмыштуулукту алдын алуу жана турмуштук оор кырдаалдарга кабылган балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында уюштурулду. Иш-чаранын алкагында жашы жетелек өспүрүмдөрдүн эмгегин пайдаланып, зордук-зомбулук көрсөтүүлөргө жол бербөө, алардын эмгек шарттарын жакшыртуу маселелери каралды. Рейддин жүрүшүндө базар, кафе, навайканада, мөмө-жемиш саткан жайлардан жашы жетелек өспүрүмдөр кармалып, ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ага кошо ата-энелеринен өспүрүмдөрдү кайра ар кандай оор жумуштарга иштетпөө боюнча эскертүү иретинде түшүнүк кат алынды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18