08:49, 23 июля 2018, 24.kg

Түркмөн бийлиги мигранттарды мекенине кайтаруу үчүн аксакалдардан жардам суроодо

Түркмөнстандагы экономикалык каатчылыкка байланыштуу чет өлкөгө жумуш издеп кеткен жарандарынын саны артууда. Бул арада бийлик эмгек мигранттарын мекенине кайтаруу үчүн аксакалдардан жардам суроодо.

Лебап жана Мары облустарында бийлик жергиликтүү аксакалдар кеңешине кайрылып, мигранттарды өлкөгө чакырууда көмөк көрсөтүүгө үндөөдө.

Бийлик аксакалдардан: «жаңы иш орундары түзүлөт, жумушсуздук маселеси чечилет, дыйкандар үчүн жер берилет жана өлкөнүн өнүгүшү үчүн өз салымыңарды кошкула», деп үгүттөөнү талап кылууда.

Үгүт иштеринен баш тарткан аксакалдарга бийлик басым жасоодо.

«Бул биздин ишибиз эмес. Биз айыл үчүн жоопкерчилик алабыз, бирок эл арасында мигранттар жөнүндө пропаганда жүргүзө албайбыз. Адамдар жашоо үчүн акча табалы деп жүрүшөт», -  деп каяша айткан эки киши Аксакалдар кеңешинен чыгарылган.

Соңку жылдардан бери Түркмөнстан бийлиги чет өлкөдө иштеп жүргөн жарандарын мекенине кайтаруу үчүн түрдүү чараларды көрүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18