08:43, 23 июля 2018, 24.kg

Журналист Уланбек Эгизбаевдин сөөгү соттук-медициналык экспертизага жиберилди

Журналист Уланбек Эгизбаевдин сөөгү соттук-медициналык экспертизага жиберилди. Бул тууралуу «Азаттык» маалымдайт.

Алардын маалыматында, маркумдун сөөгү 23-июлга караган түнү Чолпон-Атадан Бишкекке жеткирилди. Экспертиза бүгүн жүргүзүлө баштайт.

Эскерте кетсек, 28 жаштагы журналист 22-июлда Ысык-Көлгө эс алууга барган жеринен сууга чөгүп каза болду. Бүгүн саат 11:00дө Фурманов көчөсү, 12 дарегинде жайгашкан «Азаттыктын» Бишкектеги кеңсесинде Уланбек Эгизбаевди эскерүү жыйыны өтөт.

Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кочкор районунда туулган. 2013-жылы Кыргыз-түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18