15:59, 20 июля 2018, 24.kg

Өзбекстанда Атом энергиясын өнүктүрүү агенттиги түзүлдү

Өзбекстан өкмөтүнүн алдында Атомдук энергетиканы өнүктүрүү боюнча «Узатом» агенттиги түзүлдү. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 19-июлда кол койду.

Документте өлкө экономикасы менен калкынын энерго ресурстарга болгон суроо-талабы көбүнчө көмүрсуутек менен жабылып жатканы, отундун бул түрүнүн запасы чектелүү экени айтылган. «Өлкө уран сырьёсунун өтө көп запасына ээ болсо дагы, атом энергетикасынын потенциалы колдонулбай турат», деп белгиленген жарлыкта.

«Узатомдун» алдында Илимий-техникалык жана эксперттик кеңеш түзүлөт. Жарлыкта октябрга чейин «Атом энергиясын тынчтык максатта колдонуу тууралуу» мыйзам долбоорун жана жыл соңуна чейин Өзбекстанда атом энергиясын өнүктүрүү концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу каралган.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18