18:00, 20 июля 2018, 24.kg

Самат Дөөлөтбаков: Мени дагы сахнага тийип качып жүрөт деп айтып жүрүшөт

Photo 80652

«Жалгызым» деп сыздап жүрүп өмүрлүк жары Айиданы тапкан ырчы Самат Дөөлөтбаков учурда саякат жөнүндө баяндаган теле долбоорду жетектөөдө. «Бирок, бул убактылуу гана. Сахнада жаратуучу ийгиликтер али алдыда», — дейт ырчы мырза.

Самат Дөөлөтбаков чыгармачылыгы, саякат тууралуу «24.kg» агенттигине маек курду.

Photo 80656

Маймыл ырчынын кепкасын талашып...

Акыркы 1 жарым жылдан бери үй-бүлөм менен бирге саякат долбоорунун алкагында иш алып барып жүрөбүз. Убакыттын көбү ошого кетет. Саякатка чыгуу көп нерсени талап кылат экен, айрыкча акча каражатын. Сыртынан караганда оңой көрүнгөнү менен көрүүчүлөргө көрүнбөгөн камера артында көп эмгек, түйшүктөр болот.

Бали аралында жүргөндө жайнаган маймылдардын арасынан бир агресивдүү маймылга туш болгонум эстен кетпейт.

Улувату деген жерде ошол маймыл менен жакын бет маңдай кез келип калдым. Экөөбүз бир саамга тиктешип калганбыз. Бир убакта менин кепкамды жулуп качып кетсе болобу?! Жаңы эле сатып алгам. Экскурсия жетекчиси маймылды алдап, эптеп ийге келтирип жемишке менин кепкамды айырбаштап алып берген. Баарыбыз күлүп жыргап алдык. Жаныбызда турган кытайдын көз айнеги кызыктырдыбы, маймыл аны да жула качты.

Вьетнамда жүргөндө оператор микрофонду күйгүзбөй калып, интервью алган кишилерибиздин үнү жазылбай калса болсо, бир жолу кызымдын колун төө куш чукуп жүрөктү түшүрдү.

Кыргызстандагы тейлөө кыжырын кайнатып...

Мен 2002-жылдан бери чет өлкөлөргө көп каттайм. Эсептесем кыдырган шаарлардын саны 200гө жетиптир. Анын көпчүлүгүндө эле аба майдан бар, бирок эл топтолуп, башаламандык жаралган жагдайларды дээрлик көргөн эмесмин.

Кыргызстанга кезектеги саякаттан соң 16 сааттык жол учуп келдик. Түшүнүп турам, биздин аба майдан салыштырмалуу абдан кичинекей, бирок мен бир гана өтүнүчтү аткарып коюулары үчүн видеону тартып тараткам.

Жок дегенде кишилер бир жерге топтошуп калбашы үчүн, биринин артынан бири кезекке туруу максатында жолчолорду түзүп койсо деген эле тилек болчу. Анткени каз катар тизилип турган жүргүнчү кайсы терезеге барып, каттоодон өтөрүн, кимге кайрыларын дароо билет эле. Ал эми окуя болгон күнү кишинин көптүгүн сурабаңыз, бирок тейлөөчү кызматкерлер турган терезелердин жарымы гана иштеп жаткан экен. Кийин гана калгандары иштеп башташты.

Биз кыргызбыз, өзүбүз түшүнөбүз. Бирок, чет жерден келгендер кайда барарын билбей тегеренип эле калышты. Мен видео аркылуу болуп жаткан көйгөйлөрдү аба майдандын жетекчилиги көрсө чечилип калабы деген максатта жарыялагам. 

Сахнага тийип качкандардын катарына кошулдум

Жакында жаңы ырдын бет ачарын өткөрдүм. Казакстандык эпатаждуу ырчы кыз Луинадан «Hey Yo» аталышындагы ырды жактырып калып, ырдоо укугун сурап алдым. Менимче абдан шаңдуу ыр, азыркы тапта алдыңкы ырлардын катарына кошулду.

Мени дагы сахнага тийип качып жүрөт деп айтып жүрүшөт. Менин оюм боюнча музыка — башкы орунда болушу керек. Музыкага өмүрүн берген акын, композитор, аткаруучулар бар. Менин ырчылык хобби дегеним аларга жакпай калышы мүмкүн. Бирок хобби -бул эң жакшы көргөн нерсең. Балким өмүрүңдүн жарымын да алышы мүмкүн.  Планым боюнча, ырчылыкты хобби катары алып кетем.

Ырдын сөзүнө түшүнбөгөн жаш кыз акының деле жаман экен деп...

15 жылдык карьерамда өзүм жазып аткарган ырлар да болду. Таптакыр ырдай албайсың деп жазгандар, үнүң бар беле дегендер да болду.

Менин музыкалык билимим жок, бирок өзүмдү меломанмын деп эсептейм, себеби ар кандай жанрда ырларды көп угам. Учурда 20дан ашуун ырларым бар, анын 70 пайызын өзүм жазгам. Акыркы жылдары ырлардын сөзү, обонун кесипкөйлөргө жаздыртып баштадым. «Көздөрүң» жана «Гүл» деген ырларым хит болду.

Photo 80653

Тойлорго чакыруу келсе барсамбы деп ойлонуп жүрөм

2 жолу жеке концерт бердим. 2006-жылы 2 күндүк концертим аншлаг менен өттү. 2 жылдан кийин дагы концерт уюштурдум, бирок, залдын 70 пайызы эле толду. Ошондон кийин чыгармачылыгым солгундай түштү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18