11:36, 20 июля 2018, 24.kg

Дональд Трамп Владимир Путинди Вашингтонго чакырды

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия лидери Владимир Путинди күзүндө Вашингтонго келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу Ак үйдүн өкүлү Сара Сандерс Twitter баракчасына жазды.

Дональд Трамп күзүндөгү жолугушуу терроризмге каршы күрөшүү, Жакынкы Чыгыштагы абалды жөнгө салуу, өзөктүк куралдарды жок кылуу жана Украинада тынчтык орнотуу боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга жардам бере турганын белгиледи.

Мындан тышкары Трамп Кремлдин АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкендиги боюнча орус жарандарын суракка алуудан баш тартты. Хельсинкидеги жолугушуу маалында Путин орусиялыктардын АКШда сурак берүүсүн уюштура ала турганын, бирок ал үчүн Кошмо Штаттар Москвага Hermitage Capital фондунун башчысы жана «Магнитский мыйзамынын» демилгечилеринин бири Уильям Браудердин иши боюнча америкалык чиновниктерди суракка алуу мүмкүндүгүн түзүп бериши керектигин айткан.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18