11:07, 20 июля 2018, 24.kg

Албек Ибраимовду коргоо боюнча комитет түзүлдү

Чүй облусуна караштуу Арашан айылында кечээ камакка алынган экс-мэр Албек Ибраимовдун 40ка жакын тарапташтары чогулушту. Аламүдүн районунун акими Алтынбек Намазалиев чогулгандарды өзүлөрүн мыйзам чегинде алып жүрүүгө жана тынчтыкты сактоого чакырды. 

«Эгерде кимдир-бирөөлөрдүн суроосу же арызы болсо, аны кат түрүндө берсеңиздер болот. Биз укуктук өлкөдө жашайбыз. Албетте, адилеттүү чечимди баарыбыз эле күтүп жатабыз. Балким аксакалдар арасынан коргоо боюнча комитет түзөбүз», — деди Алтынбек Намазалиев.

Жыйынтыгында, айылдыктар Албек Ибраимовду коргоо боюнча комитет түзүштү. Райондун акиминин айтымында, мындай комитеттерди түзүүдө мыйзам тыюу салбайт. Ал жарандардын талаптарын бийликке жеткирүүгө сөз берди.

Белгилей кетсек, мурунку мэрдин айылдаштары азырынча митингге чыгышпайт. Бирок, адилетсиз чечим чыгарылса анда акыркы чараларды көрүшөт. Албек Ибраимовду коргоо комитетинин курамына 10 кишиден турган аксакалдар менен жаштар киришти.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18