17:51, 19 июля 2018, 24.kg

Казакстанда терроризмди пропагандалоого шектүүлөр кармалды

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети (УКК) 18-июлда Караганда облусундагы Сатпаев шаарында «радикал диний топтун» мүчөлөрү делген үч жаран кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, алар «террордук топ түзүүгө жана анын ишмердүүлүгүнө катышууга, ошондой эле терроризмди пропагандалоого» шектелүүдө.

«Кармалгандардын жанынан курал-жарак жана диний материалдар табылды. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн иш боюнча башка маалыматтар ачык айтылбайт», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Учурда бул факты боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18