Бишкектин мэри Албек Ибраимов УКМК тарабынан кармалды
Бишкектин мэри Албек Ибраимов УКМКтарабынан кармалды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине аталган ведомстодон тастыкташты.
Маалыматка караганда, 2012-жылдын январь айында «ТНК Дастан» ААК башкармалыгынын төрагасы Албек Ибраимов менен «Дастан Инжиниринг» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Асылкүл Сасыбаева жалпы суммасы 533 миң 760 доллар турган 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткирүү боюнча келишим түзүшкөн. Анда ар бир комплекттин баасы 6 миң 672 долларга бааланган.
Натыйжада аталган 2 ишкананын ортосунда баасы атайылап жогорулатылып түзүлгөн келишимдин негизинде, мамлекетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилген.