Коррупцияга каршы күрөштө жарандык коом негизги өнөктөш болушу керек
Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштө жарандык коом негизги өнөктөш болушун каалайт. Бул тууралуу ал ушу тапта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан жыйында айтты.
«Биз жарандык сектор менен иштешүүгө, өнөктөш болууга даярбыз, конструктивдүү идеяларга жана сынга ачыкпыз», - деп билдирди бүгүн мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков.
Президент өкмөттүк эмес уюм болобу, мамлекеттик түзүм болобу, өлкөнүн жана элдин жашоосун оңдоого умтулушу керек экенин белгиледи.
«Силерди мамлекеттин келечегине бейкапар карабаган, жогорку интеллектуалдык дарамети бар адамдар катары билем»,- деди президент.