Өзбекстанда райондук милиция башчысы дыйкандын мурдун сындырды
Өзбекстандын Жизак облусунун Янгиабад районундагы дыйкан чарбасынын башчысы Сардор Курбанбаев жергиликтүү милициянын жетекчиси Ильхом Курбанбаев аны сабап, мурдун сындырганын билдирди.
Дыйкандын айтымында, 7-июлда акимчиликтин буйругу менен ал комбайндардын бирине жооптуу болуп дайындалган. Бирок иштебей турган комбайнды оңдоо үчүн бир топ убакыт талап кылынгандыктан, аны өз учурунда талаага чыгара алган эмес.
Күбөлөрдүн биринин билдиришинче, райондун акими менен прокурору милиция башчысынын адамдарды сабап жатканын карап турушкан. «Милиция башчысы Ильхом Сулаймонов мас болуп алып адамдарды кемсинтип, аларды сабады. Ал Сардордун мурдун сындырып, канжалаган боюнча талаада таштап чиновниктер менен кетип калды. Ал көп кан жоготуп өлүп калса эмне болот эле?», — деди ал.