09:43, 19 июля 2018, 24.kg

Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионаты. Кыргызстандыктар 3-орунда келе жатат

Кыргызстандык 4 спортчу грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында медаль тагынышты. Бул тууралуу күрөштүн бириккен дүйнөсү сайты жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кыргызстандык балбандар Халмурат Ибрагимов (67 килограмм), Бексултан Назарбаев (72 кг) жана Азат Салидинов (82 кг) күмүш медалдын ээси болушту. Ал эми Данияр Шеримбеков (97 кг) коло медаль тагынды.

Буга чейин Азия чемпионатынын биринчи күнүндө кыргызстандык 2 спортчу коло медаль утуп алган. Командалык эсеп менен Кыргызстан 15 өлкөнүн ичинен 135 балл менен 3-орунда келе жатат. Алдыда Иран менен Казакстан турат. Иш чара Индиянын Нью-Дели шаарында өтүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18