Калктын аярлуу катмарындагы 2 миңден ашуун жаран үйдөн чыкпай паспорт алышты
Калктын аярлуу катмарындагы 2 миңден ашуун жаран үйдөн чыкпай паспорт алышты. Бул тууралуу каттоо кызматынан билдиришти.
Акыркы эки жыл аралыгында мобилдүү топ 25 миң 848 жолу үйлөргө чыгып, 1994-жылкы эски паспортторду ID-картка алмаштырып беришкен.
Аталган кызматтан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, орукта эмгектенгендер, балдар үйлөрүндө тарбиялангандар, жетимдер, карылар үйүнүн жашоочулары жана биринчи топтогу майыптар бекер пайдалана алышат.