Ош-Бишкек жолун куруп жаткан Кытай компаниясын тоногондор аныкталды
Ош-Бишкек альтернативдик жолун куруп жаткан Кытай компаниясын тоногондор аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 15-июлда Тогуз-Торо районунун, Көк-Ирим айыл аймагына караштуу болгон Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун 303-чакырымында, «Чайна-Роуд» компаниясынын АБЗ базасындагы жумушчу болуп иштеген кытай жараны жолдун четиндеги битум ээритип туруучу печкага көмүр жагып иштеп жаткан.
Натыйжада Кытай жараны денесинен жаракат алып, Тогуз-Торо райондук ооруканага кайрылган. Ал эми компанияга 50 000 сомдун тегерегинде зыян келтирген.