12:18, 18 июля 2018, 24.kg

Мектептерде класстык сааттан тышкары миграция боюнча сабакты киргизүү керек

Мектептерде класстык сааттан тышкары миграция боюнча сабакты киргизүү керек. Мындай сунушту «Инсан Лейлек» өкмөттүк эмес уюмдун лидери Гүлнара Дербишева киргизди.

Анын айтымында, көпчүлүк мигранттар чет жерге акча табуу максатында мыйзамды билбей жөнөп кетишет. Натыйжада алдамчылыкка дуушар болушууда.

«Мигранттардын басымдуу бөлүгү бир күн ичинде эле чечим кабыл алып, таанышы, туугандары аркылуу чет жерге чыгып кетишет. Көпчүлүгү мектепти бүтүрүп эле кеткендер. Мындан улам, миграция боюнча сабактарды киргизип, аларды алдын ала дайындоо керек», — деди ал.

«Биз эмгек келишими кантип түзүлө тургандыгын, өзүнүн укугун кантип коргош керек экендигин үйрөтүшүбүз керек», — деди Гүлнара Дербишева.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18