12:10, 18 июля 2018, 24.kg

Чүй милициясынын мурдакы башчысынын аялы кармалды

Чүй ОИИБдин мурунку башчысы Нурлан Сарчаевди бычактаган жубайы камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББнын басма сөз кызматы жергиликтүү ММКлардын бирине билдирген.

Ага каршы кылмыш жаза кодексинин 234 беренесине ылайык камакка алынган.

Эске сала кетсек, кечээ 17-июлда Чүй ОИИБдин мурунку башчысы Нурлан Сарчаев бычактан жаракат алып оорукана жаткырылган, учурда анын ахыбалы жакшырып, палатага которулду.

Айрым маалыматтар каражаттары, үй-бүлөдөгү чырга Нурлан Сарчаевдин кезектеги никеси себеп болгондугун жазып чыгышты.

Эске сала кетсек, Чүй ОИИБдин мурунку башчысы Нурлан Сарчаев, кандуу каргаша менен милициянын имаратында каза тапкан Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнөн кийин кызматтан алынган эле.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18