Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет. Бул тууралуу маалымат жыйында ТИМдин башчысы Эрлан Абдылдаев билдирди.
Анын айтымында, Түркия лидеринин сентябрда келиши күтүлүүдө.
«Түркиянын президентинин ант берүү аземинен кийин сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Анын негизинде Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга келиши менен бир канча маанилүү документке кол коюу пландалууда», —деди Эрлан Абдылдаев.