Шафкат Мирзиёев жеке ишкерлерге жаңы жеңилдиктерди берди
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жеке ишкерлерге бир катар жаңы жеңилдиктерди берди. Бул тууралуу өлкө башчысы кол койгон тиешелүү токтомдо айтылат.
Андан тышкары калкынын саны 5 миң кишиден ашпаган конуштарда чач тарач, буюртма менен кийим тигүү, бут кийим оңдоо жана коомдук мончо өңдүү кызматтарды көрсөтүү ишканаларын ачкан жеке ишкерлер 2023-жылга чейин бардык салык түрлөрүнөн бошотулат.
Токтомго ылайык, үй-бүлөлүк субъектилер дагы жеңилдиктерге ээ болушат. Эми алар юридикалык билими бар адамдын катышуусуз эле үчтөн ашпаган туруктуу жумушчу жалдап, алар менен эмгек келишимин түзүү, ошондой эле үй-бүлөлүк ишкерликтин субъектиси катары эмгек жашына жеткен жакын туугандарын жумушка тартуу укуктарына ээ болушат.