16:23, 17 июля 2018, 24.kg

Кара-Балта суусуна агып кеткен жарандын жансыз денеси табылды

Кара-Балта суусуна агып кеткен жарандын жансыз денеси суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жалпысынан 45 куткаруучу издөө иштерин жүргүзуштү. Бүгүн саат 15:38де маркумдун жансыз денеси суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Эске салсак,  10-июлда Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта суусуна «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа түшүп кетип, 1992-жылы туулган А. уулу С. сууга агып кеткен.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18