15:07, 17 июля 2018, 24.kg

Москвада сексуалдык мүнөздө аракет жасаганга шектелип кыргызстандык кармалды

Москва полициясына ТАСС маалымат агенттигинин кызматкери арыз менен кайрылып, белгисиз бирөө ага карата сексуалдык мүнөздө аракет жасагандыгын билдирген. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, жабырлануучу кыз кыйкырганда, белгисиз жаран качып кеткен. Азиат улутундагы кылмышка шектүү, 30-35 жаш курагында, бою 165-170 см, чымыр денелүү, чачтары кыска болгон. Окуя болгон күнү көк тустөгү футболка жана көгүлтүр жинсы шым кийип жүргөн.

Окуяга шектүү делип кыргызстандык эч жерде иштебеген Дастан Арапов кармалды. Учурда анын окуяга тийиштиги барбы же жокпу, иликтөө жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18