12:18, 17 июля 2018, 24.kg

«Манас» аба майданы 2 саат бою иштеген жок. Жүргүнчүлөр чагылган түштү дешүүдө

Бүгүн эртең менен «Манас» аба майданындагы баардык каттамдар учуучу-конуучу тилкеге чагылган түшкөндүгүнө байланыштуу кармалышты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине окурмандар билдиришти.

Маалым болгондой, Санкт-Петербург-Бишкек каттамын ишке ашырган учакты Ошко, ал эми Стамбул шаарынан келген учакты Шымкентке конууга жөнөтүштү. Болжол менен саат 8де жергиликтүү каттамдар иштеп баштады.

«Манас» аба майданынын басма сөз кызматы «24.kg» агенттигине билдиргендей, чындыгында эле таңкы саат 6дан 8ге чейин техникалык жана метеошарттарга байланыштуу аба каттамдары жабык болгон. Бирок, чагылгандын түшкөнүн тастыкташкан жок.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18