Жактоочу: Сапар Исаковго тергөөчү тарабынан опузалоо болуп жатат
Экс-премьер-министр Сапар Исаковго жактоочу Нурбек Токтакуновдун көрсөткөн кызматынан баш тартууну сунуштап жатышат. Бул тууралуу юрист өзү билдирди.
Анын айтымында, кечээ ал УКМКнын тергөө абагына барып, кардары менен кезиккен.
«Сапар Исаков мындай сунуштан баш тартып, тергөөчү тарабынан опузалоо болуп жаткандыгын айтты», — деди Нурбек Токтакунов.
Эске салсак, мурунку премьер-министр Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жемкорлукка айыпталууда.