Нурсултан Назарбаев: теңге курсунун кубулушу калктын жашоосуна таасир тийгизбейт
Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев 16-июлда Улуттук Банктын төрагасы Данияр Акишевди кабыл алып, валюта-каржы базарында туруктуулукту сактоо жана экономиканы андан ары өнүктүрүү үчүн керектүү шарттар түзүлгөнүн айтты.
Казак президентинин айтымында, банк системасын колдоо үчүн үч триллион теңге бөлүндү. Назарбаев Улуттук банк төрагасын элдин аманаттарын абийирсиз акционерлердин алдамчы аракеттеринен коргоо үчүн банк секторун кылдат жөнгө салууга чакырды.
«2018-жылдын июнь айынын жыйынтыгы боюнча инфляциянын жылдык көрсөткүчү 5,9 пайызды түздү. Бул — соңку үч жылдагы эң төмөнкү көрүнүш. Улуттук банк инфляция деңгээлин 2020-жылга карата 4 пайызга чейин төмөндөтүүнү көздөп жатат», — деди Данияр Акишев.