09:25, 17 июля 2018, 24.kg

Мухаммедкалый Абылгазиев Грузиянын туристтик тармагы менен таанышты

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Грузиянын туристтик тармактарын жана пенсиялык системасын реформалоо тажрыйбасы менен жакындан таанышты. Ал Грузиянын экономика жана туруктуу өнүгүү министринин орун басары Екатерина Микабадзе менен жолугушту.

Екатерина Микабадзенин айтымында, туризм -өлкө экономикасынын маанилүү өзөгүн түзөт. Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча Грузияга келген туристтердин саны 8 миллионго жакын. Кирешелер 2,7 миллиард долларды түздү.

Екатерина Микабадзе жакынкы аралыкта жаңы пенсиялык системаны ишке киргизе тургандыктарын билдирди. Анда Грузиянын ар бир жараны үчүн ачылган пенсиялык эсепке айлык акынын 2 пайызы мамлекет, жумушчу жана жумуш берүүчү тараптан түшүп турмакчы.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18