16:07, 16 июля 2018, 24.kg

Мейманкана жана сулуулук салондору музыка үчүн авторлоруна акы төлөп башташат

Кыргызстанда мейманкана жана сулуулук салондору музыка үчүн авторлоруна акы төлөп башташат. Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматы «Укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө» жобону иштеп чыгышты.

Аталган кызматтан билдиришкендей, бул тизмеге соода борборлору менен такси кызматы дагы кирет. Кеп көрсөтүлгөн объекттерде радио жана телевидение боюнча берилип жаткан музыкалык чыгармалар тууралуу болуп жатат.

«Автор өзү баардык чач тарачкананы, кафе, мейманканаларды кыдырып чыкпайт. Мындан улам, бул ишти биздин кызмат аркалайт. Эгерде тамак ичүүчү жай болсо, анда тариф кафенин статусуна жана орундуктардын санына жараша болот. Эгерде соода борбору болсо анда анын чарчы метри эске алынат», — деп билдирди автордук укук башкармалыгынын башчысы Ырыс Турсуналиева «24.kg» агенттигине.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18