15:23, 16 июля 2018, 24.kg

Мүмкүнчүлүгү чектелген кызды зордуктаганга шектүү делген 2 жаран камакка алынды

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кызды зордуктаганга шектүү делген 2 жаран камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Токтогул РИИБге, аталган райондун Өзгөрүш айылынын тургуну арыз менен кайрылып, 2001-жылы туулган кызын белгисиз балдар ак түстөгү автоунаага салып кетишкенин айткан. Анда кылмышка шектүүлөр унаанын ичинен кызды зордуктап койгондугун билдирген.

Окуяга шектүү делип Өзгөрүш айылынын тургундары 1997-жылы туулган Н.уулу.Ш. жана К.уулу.С. колго түштү. Кармалгандар күнөөлөрүн толугу менен моюнуна алышып, иликтөө иштери бүткөнгө чейин 2 айга камакка алынды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18