11:38, 16 июля 2018, 24.kg

Эмгек мигранттарын камсыздандыруу-мекендештерибиздин көйгөйлөрүн чечет

Эмгек мигранттарын камсыздандыруу- чет жерде иштеп жургөн мекендештерибиздин көптөгөн көйгөйлөрүн чечет. Бул тууралуу «24.kg» агенттигинде өткөн тегерек столдо маалым болду.

Билдирүүгө ылайык, Орусиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү чет жерге кетип жаткан жарандарды камсыздандыруу керек деп баса белгилешүүдө.

«Биз Орусиядагы мигранттардын медициналык камсыздандыруусун уюштурууга аракет кылдык. Бир канча компанияга кайрылып көрдүк, бирок алардын шарттары бизди канааттандырган жок. Өкмөт бул багытта колдоо көрсөтсө жакшы болмок. Медициналык жактан жана башка камсыздандырууларды биринчи кезекте мигранттардын кызыкчылыгы үчүн жасаш керек», — деди эмгек мигранты Толкунбай Акматов.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18