Активисттер: Бишкектеги Шабдан Баатыр көчөсүнө 7-Апрель ысымын мыйзамсыз беришти
Бишкектеги Шабдан Баатыр көчөсүнө 7-Апрель ысымын мыйзамсыз беришти. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине «Биздин укук» коомдук фондунун башчысы Калича Умуралиева билдирди.
Калича Умуралиеванын айтымында, Шабдан Баатыр көчөсүн 1-Апрель деп өзгөртүүдө юристтер бир канча эреже бузууларды таап чыгышты.
Ал билдиргендей, шаардык бийлик муну коомдук талкууга алып чыгышы керек эле.
«Биздин пикирибизди эч ким сураган жок. Көпчүлүк тургундар көчөнүн ысымынын алмаштырылышына каршы болчу», — дейт активист. Аталган коомдук фонд Бишкек шаардык кеңештин токтомун артка кайтаруу үчүн Бишкек шаардык райондор аралык сотуна арыз менен кайрылышты. 17-июлда иш каралат.