Көчмөндөр оюндары. Параддык кийимдерге 2 миллион сомдон ашуун каражат коротулат
Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекция Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучулары үчүн параддык кийимдерге 2 миллион 380 миң сомго жакын каражат коротот. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жазып чыкты.
Алдын ала алынган маалыматка караганда, айымдар үчүн кемсел, узун этектүү көйнөк жана улуттук баш кийим алынат. Спортчу айымдардын кемселдери күрөң түстө, ал эми уюштуруучу комитеттики көгүш түстө болмокчу.
Уюштуруу комитеттин эркек мүчөлөрүнө көйнөк, шым жана пиджак тигилет. Спортчулар менен машыктыруучуларга кемсел алынат. Ал эми баардык катышуучуларга ак калпак тигилет.
Кошумчалай кетсек, спортчулар менен волонтерлордун кийимдерине 3,1 миллион сом чыгымдалат.