08:55, 16 июля 2018, 24.kg

«Тескей жээк» этнофестивалында 8 жаштагы кызга бүркүт кол салды

15-июлда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунда өтүп жаткан «Тескей жээк» этнофестивалында 8 жаштагы Азиза аттуу кызга бүркүт кол салды. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык иш чаранын жүрүшүндө мүнүшкөр өзүнүн бүркүтүн асманга учурган маалда болгон. Бүркүт ошол учурда талаада чуркап бара жаткан кызды көрүп калып, ага кол салганга үлгүргөн. Жырткыч канаттуу жаш кыздын желкесин чокуп жиберген.

Билдирүүгө ылайык, жабыркаган кызды кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров ооруканага алып кеткен. Учурда кыздын абалы жакшы экени айтылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18