08:30, 16 июля 2018, 24.kg

Түркмөнстанда спирт ичимдигин сатууга тыюу салынууда

Ашхабадда жана облустардын административдик борборлорунда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынууда. «Азаттыктын» түркмөн кызматы өз булактарына таянып жазгандай, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жогору жактын оозеки буйругунун негизинде соода жайлардагы алкоголдук ичимдиктерди конфискациялоодо.

«Мир» базарындагы дүкөндөрдөн эч кандай документтерсиз эле спирт ичимдиктери ташылып кетип жатканын өз көзүм менен көрдүм. Дүкөн ээлерин товардын конфискациялангандыгы тууралуу кагаздарды толтуруу үчүн шаршемби күнү полиция департаментине чакырышты«, — деп билдирди ашхабаддык байкоочу Аманмурат Бугаев.

«Түркмөнстан хроникасы» 12-июлда күч түзүм кызматкерлери жеке дүкөндөрдү кыдырып, спирт ичимдиктерин алып кетип жатканын кабарлаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18