Казакстанда айып аянтчасындагы 45 унаа өрттөнүп кетти
16-июлда Шымкенттеги айып аянтчасында өрт чыгып, 45 унаа күйүп кетти. Андан тышкары жакын жайгашкан эмерек чыгарган ишкана зыянга учурады.
Маалыматка караганда, өрт 17 атайын техниканын жана 76 өрт өчүрүүчүнүн аракети менен эки сааттын ичинде толук өчүрүлгөн. Бирок ага чейин утилизацияга кетиши керек болгон 35 унаа жана айып төлөө үчүн токтотулган 10 унаа күйүп кеткен.