13:43, 13 июля 2018, 24.kg

Албек Ибраимов шаардык кеңештин депутаттары саясый буйрутманы аткарды дейт

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов ага көрсөтүлгөн ишенбестикти -саясый буйрутма деп атады. Бул тууралуу ал тоодон жасаган видео кайрылуусунда билдирет.

Анын айтымында, үч күндүк тоого сапарда жүргөндүктөн шаардык кеңештин кезексиз жыйыны боюнча кеч билди.

«Мен шаар тургундарынын колдоосуна, муниципалдык кызматтардын ишине ыраазычылык билдирем. Ал эми депутаттар саясый буйрутманы аткарышты», — дейт ал.

Албек Ибраимов дагы түз байланышка чыгып, кенен маалымат берүүнү убадалайт.

Белгилей кетсек, бүгүн шаардык кеңештин депутаттары Албек Ибраимовго ишенбестик көрсөтүп, чечимин премьер-министрге жолдошту.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18