12:13, 13 июля 2018, 24.kg

Жыл башынан бери мыйзамсыз ташылып келген канаттуулардын эти катталган жок

Жыл башынан бери Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келген канаттуулардын эти катталган жок. Бул тууралуу тегерек столдо Чек ара кызматынын чек ара көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Гүлсара Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын Евразия экономикалык бирикмесине кириши менен чек арада ветеринардык көзөмөл жүргүзүлүүдө. Чек ара кызматкерлери товарларды каттоого алып турушат. Ал эми тиешелүү документтери жок болгон маалда, алар ыкчам топторго маалымат беришет.

«Жарым жылдан бери мыйзамсыз ташылып келген канаттуулардын эти жана жумурткалар тууралуу фактылар катталган жок. Түштүк аймакта башка товарлар боюнча (күйүүчү май, кургатылган жер-жемиштер) аткезчилик менен ташылып келе жаткан 20 учур катталды», —деди Гүльсара Исмаилова.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18