Базар-Коргондо 51 гектар аянттагы куураган чөп жана 1148 түк чөп өрттөндү
Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда
Маалыматка караганда, Акман айылындагы ачык аянттагы чөптөр күйгөн. Өрттү өчүрүүгө 18 куткаруучу жана жергиликтүү калктан 10 киши тартылган.
Тилсиз жоонун келип чыгышына отко этиятсыздык менен мамиле кылуу себеп болгон.