Токтогул көчөсүн калыбына келтиргенден кийин 630 метрге узарат
Токтогул көчөсүн калыбына келтиргенден кийин 630 метрге узарат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине шаардык мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.
«Токтогул көчөсү иштер бүткөндөн кийин көпүрө аркылуу Мамбетов көчөсү менен биригет. Андан 7-Апрель көчөсүнө чыкса болот», — деп билдиришти башкармалыктан.
Маалыматка караганда, учурда Сүйүмбаев менен Т.Айтматов көчөлөрүнүн бөлүгүндө иштер аткарылып жатат. Аламүдүн суусу аркылуу өткөн көпүрөнүн курулушунун 90 пайызы бүттү.