10:04, 13 июля 2018, 24.kg

Жантөрө Сатыбалдиев дарыланууга уруксат сурайт

Мурдакы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев саламаттыгына даттанууда. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов билдирди.

Учурда УКМКдан камоого жаткан Жантөрө Сатыбалдиев жүрөгүн дарылап алууну суранат.

«Ал дарылансам жакшы болот эле, жылда дарыланчумун дейт. 2013-жылы инфаркт болгон экен. УКМКнын кызматкерлери УЗИге алып барышкан, эми ошонун жыйынтыгын күтүшүүдө», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Жантөрө Сатыбалдиевге Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында айып тагылган.

Ушул эле иш боюнча дагы бир айыпталуучу Осмонбек Артыкбаев учурда Улуттук кардиология борборунда дарыланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18