Бажы кызматынын мурунку башчысы Адамкул Жунусов сурак берет
Башкы прокуратура мамлекетке ири өлчөмдөгү материалдык чыгым алып келүү фактысы боюнча бажы кызматынын кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.
Кылмыш ишин мындан ары иликтөө үчүн УКМКнын тергөө башкармалыгына өткөрүлдү.
Эске салсак, 2014-жылы бажы кызматын Адамкул Жунусов жетектеп турган.