Тажикстанда салмагы 7,2 кило бала төрөлдү
9-июлда Тажикстандын Куляб шаарында салмагы 7 кило 200 грамм ымыркай жарык дүйнөгө келди.
«Өз тажрыйбамда мындай баатырды биринчи жолу көрүп жатам. Бул Тажикстанда мурун болуп көрбөгөн окуя», — деди Халима Гадоева.
Ымыркайдын апасы — 30 жаштагы Тахмина Одинаева. Ал үй-бүлөдөгү бешинчи бала, калгандары дагы чоң салмакта, 4 килограммга чейин төрөлүшкөн.
Наристенин атасы Искандаршо Худойназаров аялы Тажикстанда эле эмес, дүйнөдө рекорд койду деп эсептейт.