Ташкенттеги көчөлөрдүн бирине Чынгыз Айтматовдун ысымы берилди
Ташкент шаардык кеңешинин депутаттары борбордогу көчөлөрдүн бирине улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу чечимин колдоду. Бул тууралуу 12-июлда өзбек басылмалары маалымдады.
«Бүгүн, өзбек-кыргыз ымаласынын тарыхында жаңы доор башталганда, Чынгыз Айтматовдун көркөм мурасы эки өлкө калкы үчүн мурдагыдан дагы өзгөчө мааниге ээ боло баштады», — деп айтылат Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев кол койгон токтомдо.
Буга чейин Шавкат Мирзиёев залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө тууралуу жарлыкка кол койгон.