16:45, 12 июля 2018, 24.kg

Коңурукту кош тарткандар. Тоскоол жараткандыгы үчүн бычак сайып өлтүрдү

Орусиянын Волгоград шаарындагы № 12 оорукананын терапевттик бөлүмүндө улгайган бейтап палатанын ичиндеги 2 оорулууга бычак сайды. Бул тууралуу «Новости Волгограда» агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 80 жаштагы кемпир кошуна керебетте жаткан кемпирди бычак сайып өлтүргөн. 79 жаштагы аял ошол жерден жан берген. Кылмышка шектүү дагы бир пенсионер аялдын мойнун кесүүгө аракет кылган. Учурда дарыгерлер экинчи жабырлануучуунун өмүрүн сактап калуу аракетин көрүшүүдө.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, кылмышка шектүүнүн мындай кадамга барышына кошуна бейтаптардын коңуругу себеп болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18