Сокулукта сугат суусу жок түшүмдөр күйүп кетти деген сөз чындыкка дал келбейт
Чүй облусуна караштуу Сокулук райондук суу чарба башкармалыгы сугат суунун жоктугуна нааразы болушкан фермерлерге жооп кайтарышты.
«Жүгөрү талааларынын 80 пайызы сугарылып бүттү. Кээ бир дыйкандар сугарыла турчу аймактын чек арасынан алыс жерге өсүмдүктөрүн айдап алышып, суу жетпейт деп нааразы болушууда. Суу жетпей түшүмдөр күйүп кетип жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт», — деди Кубанычбек Жумашалиев.