Ош мэри атаандашсыз шайланмак болду
Кыргызстандын түштүк борборунун башчылыгына өкмөттүн облустагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев жалгыз талапкер болуп катталды.
«Кыргызстан» партиясы өз талапкерин көрсөтүү ниетин жарыялаган менен иш жүзүндө шаардык кеңештеги өз депутаттарынан колдоо тапкан жок.
Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Расулбек Кадыров Ош шаарынын башчылыгын шайлоого жалгыз талапкер болуп өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев катталганын жарыялады. Анын талапкерлигин Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн.
Таалайбек Сарыбашев болсо шайлоого жалгыз талапкер болорун күтпөгөнүн, шайлоого атаандаш менен чыгууну каалаганын билдирди. «Мэрликке кимди көрсөтүү — ар бир партиянын өзүнүн иши. Мен «шайлоого өзүм барам» деп өзүмчүл болуудан алысмын. Тескерисинче, мен ар кандай шайлоого атаандаш менен барууну колдойм», — деди ал.