Чүйлүк фермерлер өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү менен урушуп кетишти
Жергиликтүү фермерлер өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов менен урушуп кетишти. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине облустук администрациядан билдиришти.
«Сиз биздин көйгөйдү чече албасыңыз эмнеге келдиңиз? Же сизге кызмат эле керекпи?» — деп ызырынышты чогулгандар.
Туйгунаалы Абдраимов ремонт иштери жүрүп жатканын айтып, жакынкы аралыкта сугат суусу берилээрин кошумчалады.
«Мен кызматтын артынан кууган киши эмесмин. Муну элдин баары билет. Мени эч ким коркута да албайт, ал тургай Рыспектен (криминалдык төбөл) да корккон эмесмин» — деди Туйгунаалы Абдраимов.