Өзбекстан: миңден ашык кардары балмуздакка ууланган кафенин ээси шарттуу кесилди
Анжиян облусунун Боз райондук соту былтыр миңден ашык кардары балмуздакка ууланган «МАКС» деген кафенин ээсине карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышты.
2015-жылдан бери жеке ишкер катары балмуздак жасап сатуу менен алектенген Шахрихан районундагы кафенин ээси Жахангирмирзо Бултирбоев эки жылга шарттуу кесилди.
«МАКС» кафесинин кардарлары былтыр майдын ортосунда жапырт түрдө балмуздакка ууланышкан. Жалпысынан 1073 киши ууланып, алардын 200ү ооруканага жаткырылган. Анда 100 адамдын канынан сальмонелла бактериялары табылганы кабарланган.
Кийинчерээк кафе мыйзамсыз иштеп келгени белгилүү болгон. Тергөөнүн жүрүшүндө балмуздак үчүн аралашмалар кафе ээсинин Анжияндагы үйүндө даярдалганы аныкталган.