III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына сулуу жана бою узун кыздар изделүүдө
III Дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюндарына сулуу жана бою узун кыздар изделүүдө. Бул тууралуу Beauty company Kyrgyzstan моделдик агенттиги атайын кастинг жарыялаганын Инстаграмга жазып чыгышты.
Кыздарды тандоо бүгүн жана эртең Бөкөнбаев менен Раззаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги даректе өтөт.
«Бою 170 метрден узун кыздар талап кылынат. Тажрыйбасы жокторго үйрөтөбүз», — деп айтылат маалыматта.