10:06, 12 июля 2018, 24.kg

Көрүстөндөгү жемкорлук иштери боюнча кызматтык текшерүү жүрүп жатат

Бишкек мэриясында каза болгон кишилерди көрүстөнгө көмүү үчүн жай сатуу фактысы боюнча кызматтык текшерүү жүрүп жатат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине вице-мэр Эркинбек Исаков билдирди.

Анын айтымында, мэриянын буйругу менен атайын жумушчу топ түзүлдү. Алар өз кезегинде Түштүк-Батыш көрүстөнүндөгү жер аянты боюнча жемкорлук фактыларын иликтеп чыгышат.

«Комиссиянын иштөө мөөнөтү чексиз. Ал иштердин көлөмүнө жана жаралган көйгөйлөргө жараша болот. Учурда жагдайлар иликтенип бүткөнгө чейин көрүстөнгө көмүү иштери токтоп турат. Тууганчылык боюнча гана көмүшүүдө», -деди ал.

Эске салсак, 2017-жылы Аламүдүн районундагы Гроздь айылында жаңы шаардык көрүстөнгө жай бөлүнгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18